<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><lyrics>[V1]
 Теңир Ыйса кадалды айкаш жыгачка,
 Күнөөбүздү биздин алып мойнуна.
 Голгофада Падышасы бул ааламдын
 Ыйык канын төктү куткарууга.

[C1]
   Айкаш жыгачта бизди кечириш үчүн Ал өлдү.
   Айкаш жыгачта Анын жазыксыз каны төгүлдү.
   Падышасы бүткүл ааламдын
   Өз сүйүүсүн бизге көрсөттү.
   Айыктык Анын каны менен.
   Даңк, урмат-сый жалгыз Ага болсун.
   Даңк, урмат-сый жалгыз Ага болсун.

[V2]
 Теңир Ыйса кадалды айкаш жыгачка,
 Атанын алдында актап алууга.
 Курмандыкты кабыл ал чын жүрөктөн,
 Жашооңду тапшыргын, табынып Ага.</lyrics>
<title>Теңир Ыйса кадалды айкаш жыгачка</title>
</song>